Бүгүн Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 28-апрелде саат 11:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Тескей Ала-Тоодо болгон. Жер титирөөнүн күчү Көк-Сай, Тогуз-Булак, Темир-Канат айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Комсомол, Туура-Сууда - 3,5 балл, Кажы-Сайда – 3 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2017-04-28 13:50:05
Кудай сакта деги,,жер титиребесин,эл битиребесин..
+2
take19
2017-04-28 17:25:57
Кара-Кужурда деле титирегени аябай билинди.
0
DE_BRUYNE17
2017-04-28 21:43:26
Биз жакта болду жер титирөө, Тоң районунда.Мектепте болчубуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан