Алай районунда суунун жээгин бекемдеп жаткан жаран токко урунуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.
Анын айтымында, окуя 22-апрель күнү аталган райондун Тогуз-Булак айылында болгон. Анда суунун жээгин бекемдеп жаткан жаранды ток уруп, ал ошол жерден каза болгон.
"Крандын көтөргүчү электр зымына тийип калган. Мындан улам ток уруп, 23 жаштагы Кыялбек Кадырбаев каза тапкан", - дейт тургун.
Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, маркумдун жакындары арыз жазуудан баш тартканын билдиришти.