Майлуу-Суу шаарында турак жайларды суу ташкыны каптоодо

Майлуу-Суу шаарында турак жайларды суу ташкыны каптоодо. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш тилкесинде жер көчкү түшүп, Майлуу-Суу дарыясынын жарымын тосуп калган. Мындан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, Түштүк Кара-Жыгач айылындагы 6 турак жайды каптап, 2 турак жайдын ичине суу кирген.

"Азыркы тапта кооптуу аймакта жашаган 37 үй-бүлө көчүрүлүүдө. Кой-Таш тилкесинде дагы жер көчкү жүрүү коркунучу сакталууда", - дейт Бекилов.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Barchynbek
2017-04-29 03:19:49
Тооба кылдым эмнеле болуп жатат мамлекетибиз.кудаай озун сактай кор элибизди жерибизди . өзүңдөн башка жаратуучу жок.кордуктан сакта АЛЛА.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан