Казакстанда кулчулукта жүргөн Кыргыз үй-бүлөсү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2006-жылдын май айында болгон. Анда Ноокат районунун тургуну, 1972-жылы туулган И.Халима айылдашынын ишеничине кирип, 1996-жылы туулган баласы жана 2005-жылы туулган кызы менен чогуу Казакстанга кеткен. Баргандан кийин алардын документтерин алып коюшкан. Алдын ала маалымат боюнча И.Халиманын айылдашы аларды 60 миң теңгеге (12 миң сомдун тегереги) сатып жиберген.
"Азыркы тапта баштапкы тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү материалдар топтолууда", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.