Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы жер көчкү 3 турак үйдү басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн болгон. Көчкү басып калган турак үйлөрдүн жашоочулары 3 күн мурда көчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Айта кетсек, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып 27-апрелге карата турак үйлөргө 45 метр калган.