Мюнхендик "Бавария" футболдук клубу Германиянын футбол боюнча биринчилигинин 31-турунда чемпиондукту камсыздады. Карло Анчелотти машыктырган команда 29-апрелде конокто "Вольфсбург" командасын 6:0 эсебинде утуп алды.
Германия чемпионаты 34 турга созулат. 31-турдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча "Бавария" 73 упай топтой алды. 2-орунда келе жаткан "Лейпциг" 31-оюнда 63 упай топтоду.
"Бавария" ушуну менен акыркы 5 жылда катары менен чемпиондукту багындырды. Өз тарыхында клуб өлкө биринчилигин 27-ирет утуп отурат.