Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан кикбоксинг боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчусу Авазбек Аманбеков алтын медаль тагынды.
Маалым болгондой, 57 килограмм салмакка чейинки категорияда Авазбек Аманбеков атаандаштарынан күчтүү болуп, финалга чыга алган.
Анда үй ээси Пугу Сылапов менен кез келген. Авазбек беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта таамай соккуларды узата алган. Жыйынтыгында Кыргыз спортчусу финалдык беттештин жеңүүчүсү болуп, Азия чемпиону аталды.