29-апрелде Ливандын борбору Бейрут шаарында тай бокс боюнча учурдагы Дүйнө чемпиону Антонина Шевченко атаандашын утуп, чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Тайбокс федерациясынан кабарлашкандай, Кыргыз спортчусу швециялык Иса Тидблад Кескикангас менен кез келген.
Маалым болгондой, 63,5 килограмм салмактык беттеш 5 раундга созулган. Анда Кыргыз спортчусу активдүүлүгүн көрсөтүп, упай айырмачылыгында жеңишке жетишти. Муну менен Антонина Шевченко "Phoenix Fighting Championship" жана "World Muaythai Championship" чемпиондук курларынын ээси аталды.