Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз мушкери Нурлан Кобашев чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин сайты билдирет.
Нурлан Кобашев 64 килограмм салмак ченинде атаандашы япон спортчусу Хикара Окишима менен кез келген. 5 раунддун жыйынтыгында жеңишти калыстар Кыргыз спортчусуна ыйгарышты. Эми ал 3-май күнү жарым финалга чыгуу үчүн кытай спортчусу Ганг Ванг менен рингге чыгат.
Буга чейин Мирлан Түркбай уулу, Сергей Паренко сириялык атаандаштарынан утулуп, мелдештен четтешкен. Ошондой эле Эрмек Сакенов, Сирожиддин Абдуллаев жана Ыктыяр Шабданбаев алгачкы беттештеринде жеңилип, медалдар үчүн күрөшүүнү токтотушкан.
Бүгүн, 2-майда Өмүрбек Малабеков, Эркин Адылбек уулу жана Азат Үсөналиев рингге чыгышары күтүлүүдө.