Футзал боюнча Казакстандын улуттук курамасынын дарбазачысы дүйнөнүн мыктысы аталды

Казакстандын футзал боюнча улуттук курамасынын, алматылык “Кайрат” клубунун дарбазачысы Игита "Futsal Planet Awards" 2016-жылга карата чыгарган жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн мыкты дарбазачысы аталды. Бул тууралуу "Futsalplanet.com" басылмасы жазып чыкты.

Дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын тизмеси төмөнкүдөй түзүлгөн:

Игита добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тизмеде биринчи болсо, экинчи испаниялык - Франсиско Седано, үчүнчү - аргентиналык Николас Сармьенто жайгашкан.

2016-жылдын жыйынтыгында футзал боюнча Казакстандын улуттук курамасы дүйнөдө алтынчы орунда турат.

"Futsal Planet Awards" Номинациясынын жеңүүчүлөрү:

Дүйнөнүн мыкты клубу - "Интер Мовистар" (Испания)

Клубдун мыкты машыктыруучусу - Хесус Веласко ("Интер Мовистар")

Мыкты улуттук курам - Аргентина

Улуттук курамдын мыкты машыктыруучусу - Диего Рауль Жиустоцци (Аргентина)

Дүйнөнүн мыкты оюнчусу (эркектер арасында) - Рикардиньо (Португалия, "Интер Мовистар")

Дүйнөнүн мыкты оюнчусу (аялдар арасында) - Амандинья (Бразилия)

Дүйнөнүн мыкты дарбазачысы (эркектер арасында) - Игита (Казакстан, "Кайрат")

Мыкты дарбазачы (аялдар арасында) - Белен Де Унья Марсо (Испания)

Мыкты калыс - Фернандо Гутьеррес Лумбрерас (Испания, УЕФА)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uz.nookat
2017-05-02 22:37:15
Сонун оюунчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан