Бүгүн, 2-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкекте “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттик угуу өттү. КСДП жана “Республика-Ата Журт” фракциялары уюштурган жыйында Иса Өмүркуловдун президенттик шайлоону 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүү сунушу талкууга алынды. “Шайлоону ноябрда эмес, октябрда өткөрүү керек. Анткени шайлоо экинчи турга уланып кетсе Жаӊы жыл майрамына туш келип калат экен”, - дейт Өмүркулов.
КСДП фракциясынын лидерине учурдагы президенттин мөөнөтүнүн легитимдүүлүгү, шайлоонун Баш мыйзамга ылайык өз маалында өтүүсү эмес, Жаӊы жыл майрамы маанилүү экен. Бийликтин оппоненттери бул боюнча Өмүркуловду сындап чыгышты. “Ата Мекен” президенттик шайлоону 27-августта өткөрүүнү сунуштап, анысын “жаӊы президент 2017-жылдын 1-декабрына чейин кызматка киришип калгыдай болушу керек, анткени 1-декабрда азыркы президенттин мөөнөтү толук бүтөт” деп түшүндүрүп жаткан. 1-декабрь - президенттик команда менен БШКнын төрайымы үчүн учурдагы президенттин кызматтык мөөнөтү бүтө турган дата эмес экени дагы бир жолу бекемделди. БШК жетекчиси мыйзам чыгаруучу органдын трибунасында туруп “бизде 1-декабрь деген маселе жок, президенттик мөөнөт жыл менен эсептелет. Азыркы президенттин ыйгарым укуктары жаӊы президент ант берип кызматка киришкенде гана бүтөт” деди. Шайлдабекованын логикасы менен алып караса, анда президенттик мөөнөт 6 жыл 364 күнгө чейин деле узарса боло берет. Анткени 6 жыл 364 күн, жыл менен санаганда, баары бир 1 күнү кем 7 жыл эмес - 6 жыл. Жыл менен санаганда 7 жылга 1 күн жетпей токтойт. Мыйзамдарды эмнеге Конституциялык палата эмес, БШКнын төрайымы чечмелеп жатат? Укук коргоочулар, жарандык активисттер тарабынан ушундай суроо берилүүдө.
Бүгүнкү иш-чарада "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында бүтөрүн, ошого чейин президенттик шайлоо өтүп, ага байланыштуу бардык процедуралар жасалып, жаңы шайланган президент кызматка киришүүгө даяр болуп калуусу зарылдыгын дагы бир ирет эскертишти. Бул жагдайларды эске алуу менен президенттик шайлоо 27-августта өтүүсү зарылдыгын аталган фракция буга чейин айтып чыккан эле. Мыйзам долбоору эми тийиштүү комитеттин кароосуна жиберилет...
Өзгөндүн Аюу айылында көчкү басып калгандарга жаназа окулду. Жер алдында калгандарды ошол жерде калтырып, көчкү түшкөн жерди мүрзөгө айлантуу сунуштары да айтылып жатканын Заргер айыл өкмөтүнүн башчысы билдирди. Кырсыктан 3 эле күн өттү. Эмне үчүн издөө иштерин эртелеп токтотуу сунушталууда? Топурак алдында тирүү жаткандар болсочу? Издөөнү токтотуу сунушун айылда колдобогондор бар, казуу иштери улантылып жатат. Коӊшу айылдан 42 гектар жерди трансформациялоо, ал жерге Аюу айылынын тургундарын көчүрүү сунушу каралып жатканы да айтылды.
Бул аракет 24 өмүр кыйылып, бирөөлөр ата-эне, бир туугандарынан, айрымдар уул-кызынан ажырап калгандан кийин жасалып жатканы өкүнүчтүү. Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду “Ала-Арча” резиденциясынан кабыл алып, Өзгөндөгү жер көчкү боюнча маалымат алды. Президенттик аппарат “Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын жакындарына дагы бир жолу көӊүл айтты” деп маалымат таратты. Ажонун биринчи “көӊүл айтуусу” кайгыга баткандарга моралдык колдоо көрсөтпөй эле жемелөөгө окшошуп калганы коомчулукта катуу талкууга алынып, сынга кабылды эле. Көчкүдөн жабыркагандар тарткан материалдык зыяндын орду кантип толтурулат? Ош менен Жалал-Абадды кыдырып жүргөн премьер Сооронбай Жээнбеков элди турак жайын камсыздандырууга чакырып жатат. Дал ушундай коркунучтар үчүн, табият кырсыктарынан бузулган турак жайларды ыкчам калыбына келтирүү максатында Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы түзүлгөнүн айыл элине эскертип өттү. Бирок камсыздандыруучу компания көчкү түшүү же сел жүрүү коркунучу бар үйлөрдү камсыздандырбай жатканы айтылууда. Бул маалымат чын болсо анда мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы эмне максатта ачылды эле?..
Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы мурунку бизнеси боюнча маалыматтык согуш уланууда. Сөз кезеги убагында азыркы президенттин “Гүлжанлар” ишканасындагы 90 пайыз үлүшүн сатып алды делген “Электромед” компаниясына жетти. Компания 2003-жылы Атамбаевге 35 миллион доллар төлөп бергенин маалымдап билдирүү жасады. Билдирүү чын эле ошондой суммада алып-сатуу болгонун тастыктоочу кандайдыр бир документтер менен коштолгон жок. Андыктан Түрк компаниясынын бул маалыматы Атамбаевдин 35 миллион доллары тууралуу суроолорго чекит коё албады. Маалымат, тескерисинче, бул тармакты иликтеп жаткан активист Эдил Байсаловдун чырагына май тамызды. Аталган компаниядан далил талап кылган оппозиционер “каалаган сөздү айта берсе болот, бирок мен документтерге гана ишенем” дейт. “Электромед” компаниясынын билдирүүсүнө карата президенттик аппарат комментарий бере элек. Азырынча Түркияда ири бизнесин сатып кирешеге маарыганын айткан президент дагы, 14 жыл мурун Атамбаевдин ишканасын сатып алганын айткан компания дагы сатуу-сатып алуу болгонун далилдөөчү материалдарды коомчулукка жарыялай элек...