Бүгүн Чемпиондор Лигасынын жарым финалында мадриддик эки команда - “Реал” жана “Атлетико” кез келет

Бүгүн, 3-майга караган түнү клубдар арасындагы эң беделдүү мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюну орун алат. Анда мадриддик “Реал” өз үйүндө ушул эле шаардын командасы “Атлетикону” кабыл алат.

“Реал” менен “Атлетико” 2014-жылы жана 2016-жылы аталган мелдештин финалында жолугушкан. Анда экөөндө тең “Реал” жеңишке жетишкен эле. Диого Симоененин футболчулары бул жеңилүүлөрүн унутуша элек. Демек, “Атлетико” бул жарым финалга өзгөчө даярдык менен келерине шек жок.

“Галактикос” эки жыл катары менен Чемпиондор Лигасын жеңип алып, тарыхта калуу ниетинде. Себеби буга чейин аталган кубокту эки жолу катары менен жеңип алган команда болгон эмес. Зинедин Зидандын ою ишке ашабы, жокбу оюн көргөзөт.

"Реал М" (Испания) - "Атлетико" (Испания)

Стадион: Мадрид шаары, "Сантьяго Бернабеу" стадиону.

Калыс: Мартин Аткинсон (Англия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
kairatibraev94
2017-05-02 15:03:15
Реал алга буйурса чемпион
+2
Rasul94
2017-05-02 15:44:32
реал женет жана татыктуу команда.алга Реал.буйруса ири эсепте женет коросунор
+3
Ronaldo.99
2017-05-02 17:14:22
Реал-Атлетико 2:0
+1
Abdullatif
2017-05-02 17:32:03
Real - Atletiko 2:1
+1
Motorola-Samsung
2017-05-02 18:51:23
Реал 5жолу катары мн уткан, бирок акыркы убакытта эч ким андай ута элек. Эгер быйыл дагы чемпион болсо анда Зизу мыкты болот. Сөздүн кыскасы Реал алга!
+3
Altysh_Boldush
2017-05-02 21:08:21
Атлетика бул ирет женсин! Бир команда жене берсе да. Кызыгы кетип калат))
+3
Dante
2017-05-02 21:10:15
Реал кыйла кучтуу атлетикого караганда
+3
kriss120
2017-05-02 22:24:01
Реал барсадан жомоктогудай утулду а.
-3
Okna
2017-05-02 23:23:25
Бугун Реалды кагат иншаалла Реал вообще жок болуп кетчи!!! Минус баскандар эч пайдасы жок ачышса жооп жаз
-2
Okna
2017-05-02 23:24:23
Атлетико - Реал 3-2
0
Real1988
2017-05-03 00:23:41
Корольдугунду коргоз эми реал Мадрид
+1
Dante
2017-05-03 02:46:42
Аяш акам 3 гол киргизди
+2
bond02
2017-05-03 02:51:58
Атлетикону кай жеринде тешиги болсо ошол жерине сайды го. Алга Реал, молодец Роналду.
+2
Ronaldo.99
2017-05-03 02:52:20
Мына 3 голу кагып салды мактаган Атлетиконорго
Болгондо да ким сайды 3 голду
Албетте Роналдо
Анткени Реал бул Реал
+2
Mamasaliv
2017-05-03 03:08:43
Айрып койдуууууу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан