12 жашар футболчу Улан Дүйшөнкулов эл аралык "Достук үчүн футбол" аттуу долбоордо Кыргыздын атынан катышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан бүгүн, 2-майда кабарлашты.
Бешинчи ирет өтүп жаткан долбоордо Улан Дүйшөнкулов Тажикстан, Уругвай, Бангладеш, Македония, Нидерланды, Ирак жана Гананын оюнчулары менен бир командага туш келген.
Аталган долбоордо ар өлкөдөн бирден оюнчуну чогултуп, бир командада ойнотуунун себебин уюштуруучулар оюнчулар ынтымакташып, бири-бири менен көбүрөөк сүйлөшүп, достошуусу үчүн ыңгайлуу экендиги менен түшүндүрүшкөн.
Мекендешибиз долбоорго катышуу үчүн 2016-жылы күз айларында өткөн "Мектеп лигасынын" жыйынтыгында тандалып алынган.
"Достук үчүн футбол" долбоору 2017-жылдын 26-июнунан 2-июлга чейин Санкт-Петербург шаарында өтөт.