Ош шаарында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара "Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата уюштурулган. Аталган мелдешке жалпысынан 11 команда катышууда. Байге фонду 300 миң сом.
"Мелдештин ачылуу аземине шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы жана мелдештин катышуучулары ошондой эле спорт күйөрмандары катышты. Мелдештин негизги максаты - спорттун волейбол түрүн калк арасында жайылтуу, спорт менен машыгууга үндөө жана жашоочулардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү. Мындан ары бул спорттук таймаш жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.