Бүгүн, 3-майда АФК Кубогунун алкагында өлкө чемпиону “Алай” жана бишкектик “Дордой” командасы кезектеги тайпалык оюндарын өткөрөт. Бул тууралуу АФКнын сайтына жарыяланды.
Анда Ош шаарында жергиликтүү “Алай” тажикистандык “Истиклол” командасын кабыл алары айтылат. Ал эми “Дордой” конокто түркмөндүк “Алтын Асыр” менен ойнойт.
Белгилей кетсек, эки кыргыз командасы “D” тайпасында орун алган. Аталган тайпадан 1-орунду алган команда АФК Кубогунун чейрек финалына чыгат.
"D" тайпасы, 4-тур. Бишкек убактысы боюнча:
16:00. “Алай” (Ош) – “Истиклол” (Тажикстан)
18:00. “Алтын Асыр” (Түркмөнстан) - “Дордой” (Бишкек)
Эске салсак, учурда "D" тайпасында 7 упайдан топтогон "Истиклол" жана "Алтын Асыр" алдыда келе жатат. 3 упай менен бишкектик "Дордой" 3-орунда жана бир дагы упайы жок “Алай” 4-орунда келе жатат.