Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери Азат Үсөналиев жана Эркин Адылбек уулу жарым чейрек финалда өз атаандаштарына утулуп, медалга болгон жарышты токтотушту. Бул тууралуу мелдештин сайты билдирет.
Маалым болгондой, Өмүрбек Малабеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде индус Шива Тапага утулган. Азат Үсөналиев 52 килограммга чейинки салмак ченинде өзбек Жусурбек Латыпов менен беттешип, жаракатынан улам беттешти уланта алган жок. Жыйынтыгында калыстар жеңишти өзбек мушкерине ыйгарды. "Рио-2016" Олимпиадасынын катышуучусу Эркин Адылбек уулу 81 килограммга чейинки салмак ченинде казак Эрик Алжановго жеңилди.
Белгилей кетсек, Азия чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 9 мушкер катышып, 8 спортчу медалдарга болгон жарышты токтоткон. Нурлан Кобашев чейрек финалдык беттеште кытай спортчусу менен кез келет.