Беларустун борбору Минск шаарында 5-майдан 12-майга чейин өтө турган тай бокс боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4 спортчу катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирет.
Белгилей кетсек, өткөн жылы аталган чемпиондукта Кыргыз мушкерлери 2 медалга ээ болушкан. Анда Мирбек Сарткалмаков күмүш медалын тагынса, Рафаэль Физиев коло медаль жеңип алган.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
51 килограмм салмакта - Уларбек Бакытов;
57 килограмм салмакта - Арсен Зарылбеков;
63,5 килограмм салмакта - Тимур Маматисаков;
67 килограмм салмакта - Бекжан Матысаев;
Башкы машыктуруучу - Павел Федотов.