Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкери Нурлан Кобашев жарым финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин сайты билдирет.
Маалым болгондой, 64 килограмм салмакта күч сынашкан Кыргыз спортчусу чейрек финалда кытайлык Ганг Ванг менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында калыстар Нурлан Кобашевди жеңүүчү деп табышты. Эми ал финалга чыгуу үчүн монгол Чинзориг Баатарсух менен беттешет.
Белгилей кетсек, бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 9 мушкер катышып, анда Нурлан Кобашев гана жарым финалга чыга алды.