Бүгүн, 3-майда АФК Кубогунун “D” тайпасында “Алай” Ош шаарында тажикстандык “Истиклолду” кабыл алып, 1:4 эсебинде жеңилип калды.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө үй ээлери чабуул жасап ойноду. Бирок “Алайдын” футболчулары таамай болушкан жок. 1-таймда коноктордун чабуулчусу Манучехр Жалилов эки жолу айырмаланганга жетишти. 2-таймда “Истиклолдун” оюнчусу Дилшод Васиев эки гол киргизип, эсепти ири кылды. Үй ээлери Одил Абдурахмановдун голу менен жооп кайтарды.
Бул жеңилүү менен “Алай” тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.