Шахмат федерациясы 6 жаштагы Султай Чыңгызга чет өлкөдөн машыктыруучу алып келет. Бул тууралуу аталган спорт федерациясынан билдиришти.
Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов өз сөзүндө: “Султай Чыңгыз 2014-жылдан баштап машыгып, алгачкылардан болуп мыкты деңгээлди көрсөттү. Ал буга чейин Азия чемпиондугун уткан, ал эми Дүйнө биринчилигинде 3-орунду алган. Эми биз жаш спортчуларга чет өлкөдөн машыктыруучу алып келип, Султай жана башка жаш машыгуучулардын деңгээлин көтөрүүнү көздөп жатабыз”, - деди.
Эске салсак, Султай Чыңгыз Румынияда өткөн окуучулар арасындагы Дүйнө биринчилигинде өз курагындагылар арасында күч сынашып, жалпы 9 оюн өткөргөн. Алардын жыйынтыгында 7 упай топтоп, 65 катышуучунун арасынан 3-орунду багынткан. Ошондой эле жаш шахматчы дүйнөдөгү эң күчтүү шахматчылардын катарына кирди.