Эгер быйылкы сезондо "Реал" футболдук клубу Чемпиондор Лигасын жана Испания чемпиондугун утса оюнчулар жана машыктыруучулар ири суммадагы акчалай сыйлык алышат. Клубдун президенти Флорентино Перес сыйлык катары 40 миллион евро өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүнү убада кылды.
Эгер футболчулар бул ийгиликтерди багынтса 24 футболчуга 1,5 евродон тапшырылат (жалпы 36 миллион евро). 2 миллион евро машыктыруучу Зинедин Зидандын эсебине которула турган болсо, калган 2 миллион еврону машыктыруучулар штабынын өкүлдөрү, команда менен иштеген кызматкерлер бөлүшүп алышат.
"Реал" 3-майга караган түнү "Атлетикону" утуп, Чемпиондор Лигасынын финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырды.
Ал эми Испания чемпиондугунда 35-тур оюндары ойнолгондон кийин алдынкы 2 орунду "Реал" менен "Барселона" ээлеп келишүүдө. Учурда эки команданын тең карамагында 81 упай бар. "Реал" атаандашына салыштырмалуу 1 оюн аз ойногон.