ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова 24 жашка толду

"Супер-Инфо" гезитинин сурамжылоосу боюнча "Жылдын супер спортчусу-2014" наамынын ээси, бир канча ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчу Айсулуу Тыныбекова 24 жашка толду. Ал 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында туулган. Ата-энеси медицина кызматкерлери. Үй-бүлөдө 2 эжеси, 1 агасы, 1 иниси бар. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштаган. Кийин 10-классты бүткөндө күрөш менен машыга баштаган.

Жетишкендиктери: Азия чемпиондугунда коло медаль (2009-2011-жылдар), Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда (2013-жыл), Дүйнөлүк Универсиада оюндарында 3-орун (2013-жыл), "Супер спортчу-2013", Азия чемпиондугунда күмүш медаль (2014), "Инчхон-2014" оюндарында коло медаль, "New-York Open" гран-присинин жеӊүүчүсү, "Супер спортчу-2014". Рио-де-Жанейродогу жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу.
4-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-05-04 19:36:20
Айсулуу, туулган күнүң менен! Сага жаңы ийгиликтерди каалайм, кийинки олимпиададан алтын, күмүш медалдарды утуп кел!!!
+3
Boldukan86
2017-05-04 20:37:32
Айсулушка спорт дуйносунун жылдызы куттуктаймын жеке майрамын менен. жалан гана ийгилик коштоп журобер. омурун узун ден соолугун чын болсун.
+1
Kroxa
2017-05-05 07:33:27
Бактылуу бол..иштерин ийгиликтуу болсун..кыргыздын сыймыгы..туулан кунун менен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан