Орусиядагы жол кырсыгынан бир Кыргыз жараны жабыркады

Орусиядагы жол кырсыгынан бир Кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 4-май күнү эртең менен Пенза облусундагы Урал федералдык жолунун 545-чакырымында болгон. Анда 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп, 4 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында 1967-жылы туулган К.А.С. аттуу Кыргыз жараны да бар. Учурда ал Нижнеломов районундагы ооруканада.

Азыркы тапта, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kroxa
2017-05-05 07:57:44
Кыргыз жаранысыз кырсык катталбай калды го орусияда...сак болгула мекендештер ботон эл ботон жерде..
+8
Jangazy
2017-05-05 08:13:40
массалык авария болуптурда
+1
Abdusamat.kg
2017-05-05 08:22:53
Россиянын 51% калкы Кыргызстандыкпы эмне . Ар жаңылык Кыргызстан болуп кетти
+5
adi.ali94
2017-05-05 09:31:09
Россияга келаткан автобус окшойт сүрөттөгү..
+3
Barchynbek
2017-05-06 03:23:01
adi.ali94,Москвадан чыгып кеткен 3 майда.шоопуру жалгыз айдап кеткен экен.10 чакты адамы бар экен эле.шоопурдун бир бутун кесиптир дейтко.эртеси кеткен автобустун шоопурлары айтты.барып адамдарын жуктоп кетебиз деп шашып кеттишкен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан