Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында 4-май күнү, 9-Май - Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча турниринин 2-тайпалык беттештери өттү. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы билдирди.
Анда "А" тайпасында "Достук" командасы "Кара-Балтаны" 17:4 эсебинде жеңди. Бул жеңиш "Достук" командасына жарым финалда ойногонго мүмкүнчүлүк берди.
"Ынтымак" командасы "В" тайпада ойноп "Мурас" командасын 10:7 эсебинде жеңди.
"С" тайпасында, 1-турда жеңишке жеткен "Бөрүлү" командасы, 2-беттеште "Арашанга" 2:4 эсебинде жеңилди. Ошентип "С" тайпасында жеңүүчү аныкталбай, тайпалык беттеш уланат.
Финалдык беттештер 9-май күнү өтөт.
2-турдун жыйынтыгы:
«Достук» - «Кара-Балта» - 17:4
«Ынтымак» - «Мурас» - 10:7
«Бөрүлү» - «Арашан» - 2:4.