ЖЫЛНААМА, 5-МАЙ: Залкар ырчы, төкмө акын Эстебес Турсуналиев арабызда болгондо 86 жашка чыкмак

Белгилүү төкмө акын, ырчы, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев арабызда болгондо бүгүн, 5-майда 86 жашка чыкмак. Ал 1931-жылы Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылында жарык дүйнөгө келген. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен төкмө акын Алымкул Үсөнбаевден таалим алган.

1946-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, бул жерден Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Ысмайыл Борончиев, Токтонаалы Шабданбаев өңдүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Эстебес Турсуналиев бир нече ыр китептердин автору, ошондой эле кинотасмаларга дагы тартылган. Андан сырткары комуз күүлөрүн чертип, эпостордон үзүндү айткан. Манасчылык жөндөмүн Япония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.

Залкар ырчы Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган. 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.

5-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Soni130587
2017-05-05 12:54:46
Бул дуйнодон кандай гана инсандар откон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан