Өлкөнүн түштүгүндө дагы жер титиреди. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун тургуну билдирди. Анын айтымында, жер силкинүү бүгүн, 5-май күнү саат 11:10 чамасында болгон.
Ошондой эле ал жер титирөөнүн күчү 5-6 баллдын тегереги болгонун билдирди.
Айта кетсек, 3-май күнү саат 10:47 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде жер титирөө болуп, анын күчү 5,9 баллга жеткен. Жер титирөөдөн улам Чоң-Алай районунда 65 турак үй авариялык абалга келген.
EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, бүгүн болгон жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 258 чакырым, Өзбекстандын Фергана шаарынан түштүктү көздөй 102 чакырым, Тажикстандын Кара-Кенжа шаарынан түндүктү көздөй 28 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очогунда күчү 5,9 баллга жеткен.