ӨКМ: "Кыргыз-Тажик чек арасында күчү 7 жана 5 баллга жеткен эки жер титирөө катталды"

Кыргыз-Тажик чек арасында күчү 7 жана 5 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 11:09да Кыргыз-Тажик чек арасынын очогунда 7 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 балл, Баткен шаарында 4-4,5 балл, Ош шаарында 3 балл сезилген.

Ал эми экинчи жер титирөө саат 11:15те Кыргыз-Тажик чек арасында болгон. Анын күчү очогунда 5 баллга жеткен. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 балл, Баткенде 2,5-3 балл сезилген.

Азыркы тапта кыйроолор жана жабыркагандар боюнча маалымат такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bakulya2015
2017-05-05 12:27:48
Элиме ыйман тынчтык,амандык каалаймын. 3 кун катары менен титиреди. Кыргыз элимди Аллах сактасын!
+5
Jangazy
2017-05-05 12:49:36
жер титироо саатына болуп калдыго.мурда коркчуу элек азыр конумуш адат болуп калды
+1
Ronaldo.99
2017-05-05 12:54:25
Сулуктудо да титиреди 11:10
+1
aliya-leyla
2017-05-05 13:16:17
Кудайым элибизди жаратылыш кырсыктарынан оолак кылсын. Жергебизде тынчтык болсун. Элибиздин пейили онолсун
+3
Firdaus-Muslim
2017-05-05 14:44:14
Кудай сактасын, акыркы күндөрү жер титирөө, жер көчкү көп катталып жатат.

Элибиз жерибиз аман эсен эле болсунчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан