Бишкекте курулуп жаткан имараттын кароолчусу адам өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 4-май күнү саат 22:00 чамасында Бишкектин 7-кичи районундагы жаңы курулуп жаткан имаратта болгон. Анда 1980-жылы туулган Ж.А. менен 1975-жылы туулган Б.Б. спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкен. Андан соң Ж.А. бычак менен Б.Бны сайып салган. Жабырлануучу көп кан жоготконуна байланыштуу ошол жерде каза болгон.
Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1980-жылы туулган Ж.А. жаңы курулуп жаткан имараттын кароолчусу болгон.