Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкүнүн алдында калган турак үйлөрдүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жер көчкү акырындык менен жылууда. Бүгүнкү күндө жер алдында калган турак үйлөрдүн саны жалпысынан 30 үйгө жетти. Мындан сырткары 35 электр мамычасы көчкү алдында калды. Учурда Шор-Суу суусун бөгөп, суу топтолууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жер көчкү социалдык имараттарга жакындап калгандыгына байланыштуу, ӨКМнын куткаруучулары жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан 100 жоокери 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 дарыкананын жана 1 мечиттин материалдарын коопсуз жайга чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, буга чейин аталган айылда 24 турак үй көчкү алдында калгандыгы маалымдалган.