Бүгүн, 5-май күнү Бишкектеги эски аянтта дуатлон боюнча өлкө биринчилиги өттү.
Мелдеш Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп, ага 170ке жакын, өлкөнүн аймагынан жана Казакстандан спортчулар келип катышты. Мелдештин алкагында спортчулар 5 чакырым аралыкта чуркап, андан кийин 20 чакырым велосипед менен жүрүп, акырында 2,5 чакырым чуркоо менен жыйынтыкташты.
Триатлон федерациясынын вице-президенти спортсмендердин даярдыгын мактады. “Бул чемпиондук 3-жолу өлкө аймагында уюштурулуп жатат, биз быйылкы мелдешке жаш спортчуларыбызды чыгарып алардын даярдыгын көрдүк, алар эмки жылкы эл аралык чемпиондуктарга чыгуусун күтөбүз”, - деди Данияр Оморов.
Бул мелдештин абсолюттук чемпиону болуп Мамыркан Урманбетов болду, ал 59 мүнөт 37 секунд убакытта финишке биринчи болуп келип алтын медаль тагынды. 1 саат 2 мүнөт 35 секунд убактысын көрсөткөн Арсенбек Сатыбеков күмүш медаль утуп алды. Коло медалдын ээси Олег Левонюк 1 саат 7 мүнөт 28 секунд жыйынтыгын көрсөттү.