Бүгүн, 5-май күнү Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында 9-Май - Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча турнирдин 3-тайпалык беттештери өттү. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.
Анда "А" тайпасында "Көк-Жал" командасы "Кара-Балтадан" 3:6 эсебинде жеңилди. "В" тайпасында ойногон "Мурас" командасы "Төш-Булак" командасын 14:0 менен ири эсепте жеңди. Ошондой эле "С" тайпасында жарым финалга чыга турган команда аныкталды, ал “Арашан” командасы болду.
3-тайпалык оюнда “Арашан” командасы “Ак-Сууну” 5:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалдык беттеште алгачкы оюн “Достук” – “Ынтымак” командалары арасында өтөт. Ал эми “Арашан” командасы “Биримдик Аю” менен ойнойт.
3-турдун жыйынтыгы:
“Көк-Жал” – Кара-Балта” 3:6
“Мурас” – “Төш-Булак” 14:0
“Арашан” – “Ак-Суу” 5:0
Жарым финалдык беттеш 7-май күнү өтөт.