Кыргыз мушкери Нурлан Кобашев бокс боюнча Азия чемпиондугунда 3-орунду ээледи

Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкери Нурлан Кобашев 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Аmateur-boxing сайтында жарыяланды.

64 килограмм салмакта күч сынашкан Кыргыз мушкери 5-майдагы жарым финалда монголиялык Чинзориг Баатарсух менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында 5:0 эсебинде жеңиш монголиялык мушкерге ыйгарылган.

Буга чейин Нурлан Кобашев чейрек финалда кытайлык Ганг Ванг менен беттешип, жыйынтыгында калыстар Кыргыз мушкерин жеңүүчү деп табышкан.
Чемпиондуктун жыйынтыгы менен Нурлан Кобашев коло байгеге жана дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн жолдомого ээ болду.

Бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 9 мушкер катышып, анда Нурлан Кобашев гана жарым финалга чыга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Han1111
2017-05-06 08:38:06
Жеңиш кут болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан