"Ала-Арча" жаратылыш паркында таш кулап, студент кыз каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя кечээ, 5-май күнү түштөн кийин болгон. Анда эс алууга барышкан жаштардын тобу тоого чыгып кетишкен. Ал жакта таш кулап, 20 жаштагы кыз жабыркаган.
"Бизге кырсык тууралуу маалымат саат 16:13 чамасында келип түшкөн. 10 мүнөттүн ичинде куткаруучулар барышса, кыз эс учун жоготкон абалда болгон. Кызды алып түшүшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айрым маалымат каражаттары, таш кулап каза болгон кыз 1997-жылы туулган Кайринса Кошокова экенин жана ал Медициналык академиянын 3-курсунун студенти болгонун жазышууда.