6-майга караган түнү Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жер титиреди

6-майга караган түнү Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жер титиреди. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун тургуну SUPER.KG порталына билдирди.

Жергиликтүү тургундун айтымында, жер силкинүүнүн күчү 4-5 баллга жеткен.

EMSC бүткүл дүйнөлүк зилзалаларды каттоочу уюмдун маалыматы боюнча, 5-майдан 6-майга караган түнү Кыргыз-Тажик чек арасында эки жолу жер титиреген. Алгач 23:03тө катталса, экинчиси 04:32 чамасында болгон. Анын күчү 4-4,5 баллга жеткен.

Болгон жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан түндүк-чыгышты карай 244 чакырым, Өзбекстандын Фергана шаарынан түштүктү карай 109 чакырым, Тажикстандын Кара-Кенжа шаарынан түндүктү карай 27 чакырым алыстыкта жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirbek2211
2017-05-06 10:37:45
Табигый кырсыктардан кудай өзү сактасын.
+7
gora
2017-05-06 11:54:35
урматтуу супер инфо кабарчылары, кыргызсейсмо институтпу, дегеле адистерден бул боюнча маалымат алып жазсаңыздар. Эмне себептен күнүгө бир жерде болуп жатканын сурасаңыздар.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан