Ысык-Ата районунда киши өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-май күнү саат 17:00 чамасында аймактык милиция кызматкерине жергиликтүү тургундан маалымат келип түшкөн. Анда Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде үй ээси аялдын жансыз денесин казып жатканы тууралуу айтылган.
Аталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 30-35 жаштардагы аялдын жансыз денесин табышкан. Ошол эле учурда 1983-жылы туулган А.А. аттуу үй ээси кармалган.
Кылмышка шектүүнүн айтымында, окуя 2016-жылдын күз айларында болгон. Анда аялы жана аялынын курбусу болуп спирт ичимдигин ичип отурушуп, ортодо уруш чыгып кеткен. Шектүү аялынын курбусун муунтуп өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында жерге көмүп салган.
Азыркы тапта бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун аты-жөнү такталууда.