FIFA'нын рейтингинде Кыргыз өлкөсү 128-орунда

Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде 250 упай менен 128-орунун сактап калды. Рейтингдин тизмеси федерациянын расмий сайтына жарыяланды.

Тизмеде Бразилиянын курамасы 1672 упай менен биринчи орунда. Экинчиге 1603 упай менен Аргентина, үчүнчү орунга 1464 упай менен Германия ээ болгон. Ал эми коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан 586 упай менен 60-орунда, Казакстан 325 упай менен 104-орунда, Тажикстан 205 упай менен 138-орунда.

Кийинки рейтинг 1-июнда чыгары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Aman97kg
2017-05-06 10:14:25
Уят еле 128орун болсо бул деген спортко жакшы коңүл бурбагандыктан 128орундан жылбай жатабыз
-5
mirbek2211
2017-05-06 10:35:24
тажиктерден алдыда экенбиз жок дегенде.
0
Abdyrashit.Satylganov
2017-05-06 10:43:13
1 июнга чейин 1-2 беттеш кылсаңар жакшы болмок..Малдтвиддер аралы менен жолдоштук беттеш өткөргүлө..азыр алар дагы жакшы ойноп калышкан
+1
Dybala.
2017-05-06 11:01:43
Ийгилик жуздуко киргиле
+2
Begmat1992
2017-05-06 11:02:51
Артынан тортучу орундабызбы
+1
frunze12
2017-05-06 11:34:47
Кыргызстанда футболду жоюп эле ташташ керек болуп калды. Качан караба уят кылып жургону жургон. Калкы биртке Люксембург бизден 100 эсе жакшы ойнойт!!!
-4
Rasul94
2017-05-06 11:54:59
10жылдан кийин деле 128 де турат.осуу жок буларда
+2
tulpar90
2017-05-06 12:01:41
Өзү бизге футбол жарашпайт. Же болбосо айылдардан балдарды издөө керек.
+2
R_u_S
2017-05-06 12:06:49
Айылдагы тренировка кылбаган кээбир балдар шаардагы тренировка кылган балдардан жакшы ойнойт, ошол балдарга шарт түзүп берип спортко тартса ошондо өнүгүү болот.
+4
TalaCSKA
2017-05-06 12:20:15
Эмнеге нааразы болуп жатканынарды тушунбойм ?акыркы убакта кудайга шугур эле ойноп калышты биздин футболчулар.тренер азамат.а рейтинг бул жон эле статистика .андан коро бир 25 000 мин киши бата турган стадион салса
+3
TalaCSKA
2017-05-06 12:22:43
А так кубок азияга чыгабыз ошондо билинет биздин сборныйдын чыныгы денгели.бирок эмнегедир ишенем биздин жигиттерди ийгилик коштоп татыктуу ойноп келишерине
+3
Azat.97
2017-05-06 13:52:36
Жолдоштук беттеш откоруп кичине умтулса болот да алдыга.Бир орунда эле тура бербей
+2
malikkkg
2017-05-06 23:02:07
Биз поддержка берсек особу?
Кайра кемсинте берсек которулчу беле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан