Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-апрель күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына шаар тургуну кайрылган. Анда ал Рузалия аттуу кыз өсүмдүк майын алып келип берем деп, 320 миң сом алып, ошол бойдон дайынсыз жоголгонун айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Рузалия Габдуллина жана 1996-жылы туулган Дмитрий Аргатюг кармалган.

Азыркы тапта алар тергөө абагына киргизилишти. Алардын үстүнөн 5 адам алдамчылык боюнча арыз жазышкан. Кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, 0550 102-298, 0550 102-895 телефон нормурларына чалып, кайрылсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jazmina909090
2017-05-06 12:50:30
Дөөпарастар го булар.Жапжаш турушуп азыртадан ушундай ишти кылышаи акмактар
+1
Santanna
2017-05-06 13:01:37
Россияда Кыргыздар ушундай кылсынле олжойтуп штраф салып акчасын кактап каяктан болсода тап деп чон суммада акча алып канын сорот,буга окшогондор ээн эркин кутурат,биздикилер жоош тобосуно минип алат.
+3
lady_91
2017-05-06 13:25:34
Santanna,ойбоой россияда кутурган биздикилер деле толтура,алар мындай кылса оздорунукун деле жазалайт
-1
Makain
2017-05-06 14:34:43
Сакелер го булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан