Кара-Кулжа районунда жер көчкү түшүү коркунучу пайда болууда

Кара-Кулжа районунда жер көчкү түшүү коркунучу пайда болууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Кара-Кулжа айыл аймагынын Биринчи Май айылынын Жайыттын-Үстү тилкесинде узундугу 22 метр жарака пайда болгон. Анын кеңдиги 5 сантиметр болсо, тереңдиги 1 метр. Учурда 11 турак үйгө кооптуу абал жаратууда.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жашоочуларды туугандарыныкына көчүрүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2017-05-06 17:26:42
кочкуло туугандарым
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан