Бишкекте мурдагы муфтий, маркум Мураталы Жумановдун жаркын элесине арналып спорттук мелдеш өткөрүлдү

Бишкектеги диний окуу жайлар жана мекемелердин арасында мурдагы муфтий, маркум Мураталы Жумановдун жаркын элесине багышталып спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш Аламүдүн районунун Байтик айылында уюштурулган.

Мелдешке волейбол оюнуна 20дан ашуун команда катышса футболдук жарышта 21 команда күч сынашты.

"Спорттук иш-чара 10 жылдан бери өткөрүлүп келет. Оюндун уюштурулушу биз үчүн жакшы болду. Анткени спорт менен алектенип, достугубузду чыңдап алууга шарт түзүлүүдө. Оюн кыш, жаз айларында жылына эки жолу өткөрүлөт. Анан да маркум Мураталы Жумановду эскерип ысымын унутта калтырбай куран окуп турабыз", - дейт спорттук мелдешке катышып жаткан Атабек Галмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Erkinali85
2017-05-07 14:40:06
Залкар адам болчу.
+4
Satana
2017-05-08 03:20:12
Саясатчылар эле жок кылды
+2
Kairylbaimyn..
2017-05-07 18:46:00
Жакшы инсан эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан