Топ-Лига: "Алай" конокто "Кара-Балтаны" утуп алды

Бүгүн, 7-майда Топ-Лиганын 5-турунун алкагында "Алай" Кара-Балта шаарында жергиликтүү команда менен ойноду.

"Кара-Балта" командасы өлкө чемпионуна татыктуу оюн өткөрүүгө белсенген. Буга оюндун алгачкы таймы далил болду. Бирок коноктор чабуулдарын дарбазага сокку узатуу менен аяктап жатышты.

Мунун жыйынтыгында "Алайдан" Алиа Силла, Максат Алимов жана Виктор Кельм айырмаланышты. Намыстанган үй ээлери Роман Ковалёвдун голу менен жооп кайтарды.

Экинчи таймда Оштун командасынан Умаров, Тухтасинов жана Сидибе гол киргизип, эсепти 1:6 кылышты.

"Алай" бул жеңиш менен 13 упай топтоп, турнирдик таблицанын сап башында келе жатса, "Кара-Балта" командасы азырынча упайга ээ боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Patriot7
2017-05-07 22:10:52
Башта маани бербейт элем, олко ичинде бири-бирин женип-женилип жатса. Эл ишенген 2 клуб тен Турменистан менен Тажикстандын клубтарына конокто да, уйдо да ири эсепте утулган сон буларды короорго коз калбады. Кыргыз футболунун денгээли ушул болгон болсо, футболду жыйыштырып эле коюшса болчудай экен. Уят-намыс деген кайда калды женилип жатканда. Европа же Латын Американын кучтуу клубдары менен ойноп женилсе да мейли эле...

Мен лично футболисттерибизди сыйлабай калдым, уксам кыжырданып.
+1
mirkaa5182
2017-05-07 22:42:58
Алай алга, азаматсыңар. Өзү сборный Кыргызстанга Алайдан алыш керек болчу ошондо футболдо кичине жылыштар болот эле, эл аралык мелдештерде.
-3
Sultanmatievkg
2017-05-07 22:46:56
Супер инфо э! Кок борудон деле жазыптурсанар кичине.
+2
admin_portal
2017-05-08 09:43:12
Sultanmatievkg, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Adillet
2017-05-07 22:57:01
Футболду кичине тушунгон киши comment жазса дейм. Биздин футбол онугуу жолунда. Тажик туркмендердей айлык акы толоп берсе биздикилер деле ойномок. Баары акырындык мн онолуп атпайбы.
-4
Patriot7
2017-05-08 00:03:41
Adillet, сен жакшы тушуносунбу?!! Кеп акчада эле эмес да, же мисалы Роналдо, Мессинин айлыгын толоп берсе, Роналдо, Мессиче ойной алаар футбоочулар барбы?!! Эгер жакшы оюн корсотсо башка олколордон, мыкты, акчалуу клубдардан сунуш тушмок...

ХХХ жабуу жапсан да ХХХ бойдон калат деген кепти уктун беле, же ХХХ аттан мыкты чуркаганын кордун беле?!!
+2
Adillet
2017-05-07 22:59:03
Салымбековго асылбагылачы. Анын кыргыз футболуна кошкон салымы ото чон. Салымбеков бар болгон учун бизде футбол бар.
-2
Patriot7
2017-05-08 00:00:23
Adillet, Салымбековдун жердешисин го сыягы... Эмне, Дордой болбосо футбол да болмок эмес деп айткын барбы же Дордой ушунча жыл чон ийгиликтерди жаратты деп айткын барбы?!! Мен мисалы бирин да билбейт экенмин. Олко ичин айтпай эле кой болгону 6 котур клуб болсо...
+6
Adillet
2017-05-07 22:59:27
Эгер акылынар жетпесе жазбай эле койгула
-3
tipokan
2017-05-07 23:50:08
Молодцы
-3
tipokan
2017-05-08 00:30:19
Каршымын
+2
ABIL
2017-05-08 00:31:45
Oshtun Alay komandasy baryp baryp aziyanyn en mykty fc biri bolup kalat,al nersege teren ishenich mn karaymyn,jany 25000orunduu stadion,fanattar alga surop(Aaaalaaay)...AFK.03.05.25.FC Alay(Osh) 5:0Istiklol(Dushanbe)
...
0
Michelangelo
2017-05-08 01:11:08
Олкобуз онуксо, футболубуз да онугот. Футболду онуктуруу учун коп коп футбол академияларды ачуу жана жакшы менеджер, машыктыруучулар керек, клубдарга куйормандык кылып, стадионго барып коруп туруу керек билетти сатып алып, бунун баарына акча керек ал учун Олко онугуу керек, Олкону онуктуруу озубуздун колубузда. Футбол бул сергек жашоо! Менин жеке оюм..
0
madiyar1
2017-05-08 03:25:45
Эми туугандар бизде фудболго конул бурулбайт ачыгын айталы.
Фудболго чон байгклерди койуп ,Мамлекет жактан конул буруп фудболистерди сатып алыш керек.
-1
bond02
2017-05-08 07:33:50
Башкаларга кандай билбейм, мен биздин кыкендер футбол ойноп жатканда жем талашып чуркап жургон тоокторду эле элестетип отурам.
0
Boru87
2017-05-08 09:03:52
Урматтуу туугандар! Чынын айтсам коментарийлерди окуп жатып күлкүм келди. Бирок коңшу Өзбекстан менен Казахстандын футболчулары эмес, футбол аянттарына (стадиондоруна) көз чаптыргылачы, алардын футболу биздикинен 45 жыл алдыда. Себеби аларда контроль бар коррупция аз, бизде тантыгы чыккан поляларда ойношот, же кыйратаар клубдарыбыздын бюджети жок. Өзүңөр деле көрдүңөр былтыр кайдагы аралдагы Исландия 300 миң чакты калкы бар мамлекет кандай оюн көрсөттү. Чынын айтсам көп нерсени акча чечет.
-1
Boru87
2017-05-08 09:07:37
Же кыйратаар оюнчу сатып алалы дешсе каражаттары жетишпейт, жалаң академиядан чыгышат. Бирок академиядан дайым эле көзгө толуучу оюнчулар чыга бербейт. Жок дегенде коозураак 5 стадионубуз болсо го өлкөбүздө көп дебейин 35-40 миң адам бата турган. Кана эле кооз стадион да өзүнчө оюнчуларга мотивация берет. Азыр болсо көчөнүн жээгинде топуракта ойноп жатабыз, бийликтин ушуга окшош маселелерди чечичшинен "ДАВНО" үмүт үзүлгөн. ФИФА биздин футболду эң начар деп билет!
-1
Patriot7
2017-05-08 12:22:26
Boru87, футболду онуктуруу учун акча да керек, бирок бул эн негизгиси эмес. Мисалы чон кооз стадион куруп, мыкты тренер ж.б.жалдап, Реал же Барселона оз оюнчуларына толоп берген акчаны Дордой менен Алайга толоп берсен, бул 2 клуб Реал менен Барселонанын денгээлинде оюн корсото алат деп кимин кепил боло аласын?!! Бразилия, Колумбия, Африка олколорунон чыгып жаткан таланттуу оюнчулар чон стадион жок эле кум устундо же чакан аянтта ойноп талантын таптаган.
0
Patriot7
2017-05-08 12:25:58
Жакшы ойноо оюнчунун озунон коз каранды... Маянасы аз болсо, жакшы оюн корсото берсин, Европадан сунуш тушот жакшы акча сунуш кылып... Озу болгону 6 котур клуб болсо, аларды да чет олкодон оюнчу сатып алып толтурсак, анда кыргыз футболу деген созду унуткула...

Мен лично Кыргыз футбол клубдарынын оюн жыйынтыктарын супердин жарыялашына каршымын. Кызыгы жок макаланын канчалык зарылчылыгы бар?!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан