Жер Ортолук деңизде кеме кыйрап, 80ге жакын мигрант көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кеменин бортунда Ливиянын жээктеринен Италияга бара жаткан 120 адам болгон. Куткаруучулар аман калгандарды Сицилия аралына жеткиришкен. Италиянын жээк күзөтү кызматынын маалыматына караганда, акыркы суткаларда Сицилияда жалпысынан 3 миң мигрант куткарылган. Ошондой эле 2017-жылдын башынан бери суу аркылуу Италияга келген мигранттардын саны былтыркы ушул убакта келгендерге караганда 40 пайызга жогорулаган.