“Спартак” футболдук клубу 16 жылдан кийин Орусия чемпиондугун багындырды

Орусиянын эң атактуу саналган “Спартак” футбол клубу Орусиянын футбол боюнча биринчилигинин 27-турунда чемпиондукту камсыздады. Массимо Каррера машыктырган команда 6-майда “Томь” командасын 1:0 менен утса, 2-орунда келе жаткан “Зенит” өз үйүндө “Терекке” 0:1 эсебинде жеңилип калган.

Орусия чемпиондугу 30 турга созулат. 27-турдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча “Спартак” 63 упай топтой алды. 2-орунга көтөрүлгөн “ЦСКА” командасы 53 упайга ээ. “Спартак” чемпиондуктун бүтөрүнө 3 тур калганда 2-орундан 10 упай ашып, 1-орунду камсыздай алды.

“Спартак” акыркы жолу өлкө чемпиондугун 16 жыл мурун багынткан. Ушуну менен клуб өз тарыхында 10-ирет өлкө чемпиондугун жеңди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dybala.
2017-05-08 10:16:24
Адрияно ойнойт беле
0
bond
2017-05-08 10:20:22
ХХХ булар дагы.
0
Abdusamat.kg
2017-05-08 10:50:09
16 жыл тынымсыз аракеттер аркасында ,биз да аракет кылып Дүйнөлүк рейтинде 10дука кирели
0
nur123456
2017-05-08 13:37:52
ЦСКА чемпион
+1
JemesRodrigues
2017-05-08 18:59:55
цска мн зенит чемпион боло бербей Спартакта чемпион болуптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан