Кант шаарында, 7-май күнү өткөн Топ-Лиганын 5-турунун алкагында “Абдыш-Ата” - “Дордой” беттеши орун алып, анда канттык команда жеңишке жетти. Оюн эсебин “Абдыш-Атанын” оюнчусу 38-мүнөттө Алерива Олувасен ачты. “Дордой” оюнчусу Марат Аджиниязов 61-мүнөттө канттык команданын пайдасына автогол жаратып эсеп саны 2:0 болду. Коноктор Алишер Азизовдун күч-аракети менен эсеп санын 2:1 кылды.
“Абдыш-Ата” командасы бул жеңиш менен 12 упай топтоп турнирдик таблицада 2-орунда келе жатат. Ал эми "Дордой" командасы 8 упай менен 3-орунда.