Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда СССРдин Баатыры Иван Панфиловдун жаркын элесине арналып өткөн грек-рим күрөшү боюнча 53-эл аралык мелдеш 9-майда аяктады. 8-майда 50, 60, 74 жана 96 килограммдык салмактагы спортчулардын жеңүүчүлөрү аныкталган эле. 9-майда 55, 66, 84 жана 120 килограмм салмактагылардын алдынкылары белгилүү болду. Айта кетсек, мелдешке 50 килограммдан 120 килограммдык салмакка чейинки Кыргызстан, Казакстан жана Кореянын балбандары катышты. Ал эми жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:
55 килограмм салмактагылар арасынан 1-орун Абсамат Абдыкалыков;
66 килограмм салмактагылар арасынан 1-орун Аскар Бегалиев;
84 килограмм салмактагылар арасынан 1-орун Бексултан Эгенбердиев;
120 килограмм салмактагылар арасынан 1-орун Габит Айдарбеков.