9-майга караган түнү Бишкекте эки топ балдардын ортосунда чыр-чатак чыгып, ок атуу катталды. Бул тууралуу күбөлөр интернеттеги социалдык баракчаларына жазышты.
Маалым болгондой, окуя борбор калаадагы Исанов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. "Эки топ балдар ортосунда уруш чыгып, бири тапанчасын алып чыгып ок аткан. Жабыркагандардын баары ооруканага жеткирилишти", - дешти алар.