Бүгүн, 10-майга караган түнү клубдар арасындагы эң беделдүү мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери башталат. Анда Турин шаарында жергиликтүү "Ювентус" "Монакону" кабыл алат.
"Ювентус" конокто "Монакого" жоопсуз эки гол киргизип, финалга чыгуу үчүн ири мүмкүнчүлүк түзүп алган. 90 миллион еврого сатып алынган чабуулчу Гонсало Игуаин бул баага татыктуу экендигин күйөрмандар эми сезип жатышат. Буффон баштаган коргонуусу менен айырмаланган команда өз үйүндө утулууга жол бербестиги анык.
"Монако" канчалык мыкты чабуулдары менен айырмаланбасын туриндик командага өз стадионунда бир дагы гол жарата албай койду. Финалга чыгуу эми абдан татаал. Ал үчүн конокто аз дегенде эки гол киргизип, өз дарбазасын сактап калуу керек. Леонарду Жардим машыктырган команда канчалык буга даяр экендигин футбол талаасынан көрө алабыз.
"Ювентус" (Италия) - "Монако" (Монако)
Биринчи оюндун жыйынтыгы – 2:0
Стадион: Турин, "Ювентус" стадиону.
Калыс: Бьорн Кейперс (Голландия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)