Бишкектеги түнкү ок атуу боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду (фото)

Бишкектеги түнкү ок атуу боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы, "Тез жардам" кызматы жана ок атышкан балдар отурган кафенин кызматкерлери SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып беришти.

“Тез жардамдан" медициналык жардам алгандар: Адилет Муратов 1989-жылы туулган, Урмат Мамуратов 1989-жылы туулган, Адилет Советбек уулу 1989-жылы туулган. Алар үчөө тең мас абалда болушкан. Булардын экөөсү учурда шаардык травматологиялык ооруканасында, ал эми Адилет Муратовдун алган жаракаты оорураак болгондуктан Улуттук госпиталда жатат. Биздин "Тез жардам" кызматкерлери барганда баары мушташтан жаракат алгандыгына күбө болушкан. Бири башынан жаракат алса, экинчиси көкүрөк сөөктөрү сынган”, - дешти "Тез жардам" кызматынан.

Кафенин кызматкери жети-сегиз бала баары бир столдо отуруп эле жаңжалдашып кеткенин айтат. “Саат түнкү 3кө жакындап калган маалда четки столдо 7-8 бала белгисиз себептен эле бири-бири менен мушташып киришти. Мен дароо эле күзөтчүнү чакырдым. Ал барып мушташкан балдарды сыртка алып чыкты. Кийин бул жакта кыздар "бирөөсүнүн тапанчасы бар экен, бир баланы атып салыптыр деп" айтышты. Андан соң эмне болгонун билген жокпуз, себеби алар бизден алыс кетип калышкан болчу”, - деди официант.

Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, жаңжалдашкан балдар баары эле бири-бирине тааныш болушкан. “Биздеги маалыматтар боюнча, балдар тааныш болушкан, эмнеден жаңжалдашканы азырынча белгисиз. Азыр жабырлангандар ооруканада жатышат. Мушташкан балдар бири-бирин күнөөлөгөн арыздарын жазышыптыр. Баары эми тергөөнүн жүрүшүндө ачыкталат”, - деди Оморов.

Бишкекте ок атышууга катышкан балдар отурган кафе (9.05.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tolkun555
2017-05-09 14:35:02
Түндө ХХХ барбы кафеде.эми менттерге саан сыйыр болосунар.жаракат алгандар айыгып кетсин.арактын кесепети.
0
Nazaroff1974
2017-05-09 15:54:08
Баары копкон аталарына ишенген ХХХ.Азыркы муундагылар кобу эч нерсе корбогон помидорлор.Алар бар Коомубуз онолбойт.Себеби тери тамчылабаган чийкилер барында кыйыыын коомубуздун онугушундо
0
kechirmeni
2017-05-09 21:01:19
Куноо озунуздордо. Башка жактан бироо келип урбаптыр. Эми ата энеңерди кыйнабай тынчыраак чечишип алгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан