Ири суммадагы акчасын уурдаткан жаран видеобайкоого тартылып калган шектүүнү табууга жардам сурайт.
Анын айтымында, окуя 2017-жылдын 24-апрелине караган түнү саат 02:15 чамасында Бишкектин "Орто-Сай" базарындагы кафелердин биринде болгон. Видеодо байкалгандай, белгисиз бала кирип келип, бөлмөнү тинткени, столдун тартмаларын колундагы чоң бычак менен талкалап ачканы көрүнүп турат. Колуна бир тутам акчаны алып чөнтөгүнө салып чыгууга шашканы жана аягында видеобайкоо камерасын көрүп калып, аны бузууга аракеттерди жасаганы даана көрүнгөн.
Видеодогу бала тууралуу маалымат билгендер болсо, +996 (709) 40 96 63 номерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөт. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.