Таиланддын түштүгүндөгү Паттани провинциясында жайгашкан соода борборунда эки жардыруу болуп, 56 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, биринчи жардыргыч зат эки кабаттуу имараттын кире беришинде, жергиликтүү саат боюнча 15:00 чамасында жарылган. Андан соң соода борборунун унаа токтотуучу жайынын ичине мина коюлган автоунаа абага көтөрүлгөн. Жаракат алгандардын баары ооруканага жеткирилген.
"Таиланддагы Яла, Паттани жана Нартхиват провинцияларында 10 жылдан ашык убакыттан бери радикалдардын тобу бар. Алардын террордук аракеттеринен улам ушул убакка чейин 6,5 миң адам курман болгон", - деп жазышат ММКлар.