Бүгүн, 9-май күнү Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында Жеңиш күнүнө карата ат чабыш боюнча мелдеш өттү. Анда кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш жана ат чабыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдешке ат чабыштын 8 түрүнөн 135 ат чабылды. Байгеге 700 миң сом жана 1 авто унаа коюлган.
Жеңүүчүлөр болсо төмөнкүлөр болуп табылды:
Кыска аралыкка кунан чабыш (1200 метр):
1-орун: Венеция аттуу кунан, с/к "Кулагер" (Чолпон-Ата)
2-орун: Донна Эккос аттуу кунан, к/з "Асанбек Ата" (Чолпон-Ата)
3-орун: Резвая кунаны, ээси Жаныбек Мырзабаев (Бишкек)
Кунан жорго (4400 метр):
1-орун: Паприка Лок аттуу жорго, ээси "Риал" (Беловодск)
2-орун: Греция аттуу кунан жорго, ээси Өмүрбек Бабанов (Бишкек)
3-орун: Акция аттуу кунан жорго, ээси Владимир Олейников (Беловодск)
Кунан чабыш (8800 метр):
1-орун: Флеш аттуу кунан, ээси Ильшат Салимов (Сарыбан)
2-орун: Разбор, ээси Нурбек Арыкбаев (Сокулук)
3-орун: Кашкатору, ээси Турсунаалы Мамбетаитов (Нарын)
Бышты жорго (6600 метр):
1-орун: Гердалок аттуу бышты, ээси "Кулагер" (Чолпон-Ата)
2-орун:Материк аттуу бышты, ээси Ильшат Исмаилов (Ново-Покровка)
3-орун: Пикассо, ээси Ильшат Исмаилов (Ново-Покровка)
Топ байге (13200 метр):
1-орун: Гордый аттуу жылкы, ээси Мелис Турганбаев (Чолпон-Ата)
2-орун: Кабылан аттуу жылкы, ээси "Асанбек-Ата" (Чолпон-Ата)
3-орун: Брелла, ээси Канат Долотбаков (Чырпыкты)
Кыска аралыкка ат чабыш (1600 метр):
1-орун: Роял-Тюлип аттуу бышты, ээси Аликбек Жунусов (Ат-Башы)
2-орун: Харпаган, ээси Эдиль Касенов (Бишкек)
3-орун: Жабель, ээси "Асанбек- Ата" (Чолпон-Ата)
Жорго салыш (8800 метр):
1-орун: Вулкан аттуу жорго, ээси Султан Маткеримов (Ысык-Ата)
2-орун: Альянс, ээси Руслан Алыбаев (Бишкек)
3-орун: Лоция, ээси Султан Маткеримов (Ысык-Ата)
Ат чабыш (18000 метр):
1-орун: Тумар аттуу күлүк, ээси Жетен Баткулаков ( Бишкек)
2-орун: Стрела, ээси Алмаз Ногойбаев (Кара-Балта)
3-орун: Көк-Сулуу, ээси Эркин Момуналиев (Талас)